Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, бул жетишкендикти жогорку баалады. Бул тууралуу ал Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан бул ийгиликке кеңири дипломатиялык иштердин натыйжасында жетишти.
"Бул — ондогон, балким жүздөгөн консультациялардын жыйынтыгы. Биз бул жеңишти жалпы жетишкендик катары баалайбыз", — деди Рыженков.
Беларусь тарап Кыргызстандан БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги ишмердүүлүктө активдүү позицияны карманууну жана уюмдун институционалдык негиздерин чыңдоого салым кошууну күтүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле ал Кыргызстандын тынчтыкты жактаган саясатын жана эл аралык маселелерге объективдүү мамиле жасоосун өзгөчө белгилеп өттү.
Рыженковдун айтымында, бул сапаттар Кыргызстанга дүйнөлүк деңгээлде ишенимдүү өнөктөш болууга мүмкүндүк берет.