Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Кыргыз санжыра дүйнөсү оор жоготууга учурады. 15-майда белгилүү санжырачы, изилдөөчү Муратаалы Кыйшыков 68 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Муратаалы Кыйшыков 1958-жылы туулган. Ал өмүрүнүн ондогон жылдарын кыргыз элинин тарыхын жана санжырасын изилдөөгө арнаган. Өкмөттүк эмес архивдерди казып, 38 жыл бою Солто уруусунун санжырасын иликтеп, "Эштек бий" Солто элинин санжырасы" аттуу көлөмдүү эмгекти жарыкка чыгарган. Ошондой эле 43 жыл бою Чекир Саяк санжырасын изилдеп, өзүнчө китеп даярдаган.
Анын эмгектери аркылуу миңдеген адамдар өзүнүн түпкү тегин, уруусунун тарыхын жана кыргыз элинин калыптануу жолун таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Муратаалы Кыйшыков өз изилдөөлөрүндө Солто уруусунун түптөлүшүн Эштек бийдин доору менен байланыштырган. Санжыралык маалыматтарга ылайык, Богорстон уулу Эштек бий XVI кылымдагы кыргыз тарыхындагы көрүнүктүү аскер башчыларынын бири болуп, кыргыз-могол согуштарында кыргыз урууларынын башын кошкон тарыхый инсан катары баяндалат.
Маркумдун көп жылдык эмгеги жөн гана санжыра чогултуу эмес, кыргыз элинин тарыхый эс-тутумун сактоого жана кийинки муунга өткөрүүгө багытталган чоң кызмат болду. Ал артына баа жеткис руханий жана тарыхый мурас калтырды.
Муратаалы Кыйшыковдун дүйнөдөн кайтканы кыргыз тарыхы жана санжыра дүйнөсү үчүн орду толгус жоготуу.
"Кабар" улуттук маалымат агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана жалпы кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Залкар инсандын жаркын элеси эл ичинде түбөлүк сакталат.