Бүгүн Манас шаарында "Күттүргөн жаз да келер" спектакли көрсөтүлөт

Маданият Загрузка... 26 Май 2026 09:00
WhatsApp Image 2026-01-21 at 15.58.21.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Бүгүн саат 13:00дө Манас шаарында Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театры "Күттүргөн жаз да келер" спектаклин тартуулайт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, спекталь КР баатыры, эл жазуучусу жана драматург Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган.

Аталган спектакль көрүүчүлөрдү адам тагдыры, сүйүү, үмүт жана согуш мезгилиндеги турмуштун оор сыноолору аркылуу терең ойго салат. Чыгармада адамдык баалуулуктар, мекенге болгон сүйүү жана жашоого болгон ишеним көркөм чагылдырылган.

Ролдорду театрдын таланттуу артисттери аткарышат. Спектаклдин режиссёру - КР эл артисти Бакыт Жумалиев.

Облустук драма театр шаар тургундарын жана меймандарды маданий кечеге чакырат.