Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Жазгы талаа иштерин утурлай бүгүнкү күндө 57 миң тонна үрөн топтолду. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылга 69 миң тоннадан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелет. Учурда камдалган үрөн керектөөнүн 82,5%ын түздү.
Ал эми сулуу, күрүч, тамеки, чанактуулар жана соя өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү 100% камсыздалды. Жетпеген үрөндүн көлөмү дотация аркылуу жана үрөнчүлүк чарбаларда эркин сатууга коюлган үрөндөр менен камсыздалат.
Ошондой эле 2026-жылга 22 питомник тарабынан 15 млн 37 миң көчөттөр даярдалды.