Бир класстагы 40 баланын санын 20га түшүрөбүз – президент

Президент Загрузка... 10 Апрель 2026 12:15
3917391.19f78347630581f1b4449b78df183d9a.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Бир класста окуган 40 баланын санын 20га түшүрөбүз. Бул тууралуу өлкө башчысы Садыр Жапаров Ош шаарындагы 10 мектептин курулушуна старт берүү учурунда билдирди.

Жапаров мугалимдер менен баарлашып жатып, мектептердин кошумча курулушу менен андагы орун жүктөмү көйгөйү чечиле турганын белгиледи.

"Бул мектептердин бүтүшү менен бир класста 40тан окуган балдардын саны 30га түшөт экен. Эмдиги жылдары аны 20га түшүрөбүз. 30 жылдан бери мектептер жетиштүү салынып келгенде, бүгүн бир класста 40–50дөн бала окубайт эле. Колубуздан келишинче, күчүбүздүн жетишинче 5 жылдан бери мектептерди салып келе жатабыз. 2030-жылга чейин бул маселени жоюп бүтөбүз", – деп белгиледи мамлекет башчысы.