Бир жылдык эмгек текке кеттиби? Орто-Сай базарындагы башаламан соода

Коом Загрузка... 24 Март 2026 17:45
1731496882.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Күн мурун Бишкектеги Орто-Сай базарын текшерүүнүн жыйынтыгынан кийин мэриянын бир катар кызматкерлери кызматынан кол жууп, айрымдары сөгүш алды. Шаар жетекчилиги мындай чечимдин кабыл алынышына буга чейин базардын абалын жакшыртуу боюнча иштер жасалганы менен баары текке кетип, кайра эле эски кейпин кийип калганы себеп болгонун айтууда. Бул ирет "Кабар" агенттиги мэриянын шаарды жаңылоо, шаар тургундарына жана соодагерлерге шарт түзүүгө аракет жасаганы менен тийиштүү кызматкерлердин ишинин чабалдыгы тууралуу кеп кылат.

Орто-Сай базары 1982-жылы курулган. Базар Бишкектин Октябрь районунун аймагында жайгашкан. Акыркы маалыматтарга таянсак, базардын аянты 1,68 гектарды түзүп, 617 соода жайына бөлүнгөн.

1731588065

Убакыт өткөн сайын шаардагы башка базарлардай эле Орто-Сайда да башаламан соода, базардын ичиндеги жана айланасындагы жолдордун начардыгы, мыйзамсыз курулуштардын көбөйүшү өңдүү маселелер жаралып келген.

Жаңы асфальт, демонтаж, башаламан соода. Орто-Сай базарында кандай иштер жасалган?

Башка жылдардагы иштерге эмес, былтыркыларына гана токтоло кетсек, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев базардын аймагын көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштерин талапка ылайык аткарууну тапшырган.

1733224599

Ага ылайык, базардын бир нече өтмөгү реконструкцияланып, асфальт төшөлгөн. Мыйзамсыз сооданы бөгөттөө жана имараттардын фасаддарын иретке келтирүү тапшырмасы коюлган. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз курулган 108 объект жоюлуп, 31 объект демонтаждалса, 42 баннер жана 8 капиталдык курулуш алынган. Ошондой эле көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлгөн.

1732101398

Ошол эле маалда базарды өрт коопсуздугу жана техникалык стандарттарга ылайык келтирүү талаптары коюлган. Соода күркөлөрүнүн ортосундагы аралык тар болгондуктан, өрт өчүрүүчү унаалардын кирүүсүнө тоскоолдуктар жаралары белгиленген. Мындан тышкары, санитардык нормаларга да өзгөчө көңүл бурулган.

1732101393

Базарды иретке келтирүү иштеринин алкагында Безымянная көчөсүндөгү катуу тиричилик таштандыларын сорттоочу пункт иштей баштаган. Мэрия бул иштердин бардыгы шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында аткарылып жатканын билдирген.

Аткарылган иштерден майнап чыкканы менен, көзөмөл жүргүзүү иштери унутта калганбы?

Күн мурун мэрияда калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында жыйын өтүп, 3 кызматкер – Уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгынын башчысы, Октябрь районунун акими жана анын биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле мэрдин эки орун басарына эскертүү, дагы эки муниципалдык мекеменин башчысына сөгүш берилди.

1774271641_large

Айбек Жунушалиевдин айтымында, мындай чечимдер дем алыш күндөрү Орто-Сай базарында жүргүзүлгөн кыдыруунун жыйынтыгынын негизинде кабыл алынган. Шаар башчысы базардын учурдагы абалына нааразычылыгын билдирип, бир жыл ичинде аймакты жакшыртуу жана көрктөндүрүү боюнча бир катар иштер жасалганына карабастан, жооптуу кызматтар тарабынан тийиштүү көзөмөл жүргүзүлбөгөндүгүн сындады. Учурда базардагы абал кайрадан мурдагы кейпине келип, башаламан соода жанданып, аймактын жалпы көрүнүшү начарлаган.

"Орто-Сай базарына биз бир нече жолу барып, тартипке, иретке келтирүү максатында көптөгөн тапшырмаларды бергенбиз. Бир жыл бою Орто-Сай базарында бул максатта иш алып бардык. Биз кечээ барганда кылган аракетибиздин баары көзөмөлсүз калып, мурдагы эле кейпине келип калганына күбө болдук. Асфальт төшөдүк, базардын ичин иреттедик. Жол асфальтталганы менен азыр башаламан соодадан улам басканга мүмкүн эмес. Терс көрүнүштөрдүн баары кайра пайда болуптур. Баарыңар алып барып жаткан ишиңерге так болгула. Бир ишти кылып алып, ошого жамынып жүрө бербегиле. Канча деген иштерди кылууга тийишпиз. Күнүмдүк ишиңерди кыласыңар, милдеттүүсүңөр. Кыла албайсыңарбы, арызыңарды жазгыла да кеткиле", - деп Айбек Жунушалиев мэрия кызматкерлерине кайрылды.

Ошондой эле ал бардык кызматкерлер ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин эскертти.

Базарга соода кылууга барган миңдеген жарандарга жана киреше табайын деп иштеген соодагерлерге түзүлгөн шарттарды аким жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү өз убагында көзөмөлдөшү зарыл эле. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова билдирди.

653709255_1245659034413983_6644804789233601616_n

Ал дал ушул Орто-Сай базары караган №22 көп мандаттуу шайлоо округунан шайланып келгендиктен, базарды иретке келтирүү иштеринин маанилүүлүгүнө токтолду.

"Орто-Сай базарындагы иретке келтирүү, көрктөндүрүү иштеринен кийин акимдер, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү көзөмөл жүргүзүп турушу керек болчу. Ошол эле маалда алар соода күркөлөрүнүн ээлеринен жана соодагерлерден талаптарды так аткарууну талап кылып турушу зарыл эле. Ооба, ишкерлер салык төлөп, киреше таап жатышат. Бирок алар да мэрия койгон талаптарды так сакташы керек. Бишкек шаары Кыргызстандын борбору болгондуктан, бардык базарларда санитардык жана башка нормалар сакталышы керек деп эсептейм", - деди ал.

Ошондой эле Гуля Кожокулова Орто-Сай базарынын абалы менен жеринен таанышып чыгуу планы бар экенин кошумчалады.

Ал арада Бишкек шаарынын мэриясы билдирүү таратып, аймактык, түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилеринин көңүлүн коррупцияга каршы мыйзамдарды так сактоо зарылдыгына бурду.

1759747564_large

Өзгөчө шаар куруу, архитектура жана курулуш, жер мамилелери, муниципалдык сатып алуулар, турак жай-коммуналдык чарба, транспорт, соода, шаарды көрктөндүрүү, ошондой эле калкка жана бизнеске муниципалдык кызматтарды көрсөтүү чөйрөлөрүндө мыйзамдуулукту жана ачыктыкты камсыз кылуу зарылдыгы айтылды.

Кайсы гана кызматты аркалаган жетекчи болбосун, ишин талаптагыдай аткарбаса, кызматынан бошотулушу толук ыктымал.

5e4bebc1-d229-4062-_0RKEqdi.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Анткени шаар жетекчилиги коррупциялык укук бузуулар, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мыйзам бузуулар аныкталса, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлөрүн дагы бир жолу эскертти.