Күн салкындайт: Бишкекте күтүлгөн аба ырайы

Коом Загрузка... 18 Июль 2026 15:30
IMG_9701.png

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 18.07.2026. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы 19-25- июлдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.

Ага ылайык, борбор калаада 19-20-июлда жана 21-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. 21-июлдан 25-июлга чейин күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 22-июлда жаан жаашы күтүлөт. Түнкүсүн негизинен жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.

19-июль: түнкүсүн 25…27 күндүз 41…43

20-июль: түнкүсүн 25…27 күндүз 39…41

21-июль: түнкүсүн 24…26 күндүз 35…37

22-июль: түнкүсүн 20…22 күндүз 27…29

23-июль: түнкүсүн 18…20 күндүз 28…30

24-июль: түнкүсүн 18…20 күндүз 28…30

25-июль: түнкүсүн 19…21 күндүз 29…31