Бишкекте Мирзиёев жөнүндөгү китептин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачары өтөт

Коом Загрузка... 18 Июль 2026 10:30
IMG_9694.jpeg

Бишкек, 18.07.26. /Кабар/. 21-июлда Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы улуттук китепканада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тууралуу жазылган “Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу аттуу китептин кыргыз тилиндеги басылышынын бет ачары өтөт.

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, маданият ишмерлери, жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттер катышат.

Китеп Өзбекстанда акыркы жылдары жүргүзүлгөн кеңири масштабдагы реформаларды, президент Шавкат Мирзиёевдин саясий лидерлигин жана “Жаңы Өзбекстанды” өнүктүрүү стратегиясын комплекстүү талдаган эл аралык илимий-аналитикалык эмгек болуп саналат.

Кыргыз тилиндеги басылыштын жарык көрүшү кыргыз окурмандарына аталган эмгек менен эне тилинде таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын мындан ары чыңдоого салым кошору күтүлүүдө.

Бет ачар азем 11:00дө башталат.