Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Бишкек — Ош унаа жолунун 427+000 – 436+000-чакырым аралыктарында 11 жерден кум жана таш түштү. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда жол эки тараптуу жабык.
"№38 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары жеринде жолду толук тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Унаа кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер көзөмөлдө", — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, тазалоо иштерине 3 жүктөгүч, 3 HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа, 1 грейдер жана 1 манипулятор тартылган.