Бишкек – Раззаков аба каттамы: Эми билет баасы туруктуу — 4 800 сом

Бизнес Загрузка... 28 Январь 2026 12:28
_DSC1351.jpg.jpeg
copyright icon «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын пресс-кызматы

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Бишкек – Раззаков багыты боюнча авиакаттамдар мурдагыдай эле жумасына алты жолу аткарылат. Эми билеттин баасы бирдиктүү деңгээлде — 4 800 сом болуп белгиленди (мурда баа 3 600 сомдон 5 100 сомго чейин өзгөрүп турган). Бирдиктүү тариф каттамдарды аймактын тургундары жана бизнеси үчүн алдын ала пландоого ыңгайлуу жана түшүнүктүү кылат. Билеттерди Asman Airlines колдонмосу аркылуу тез жана оңой сатып алууга болот — дароо ырастоо менен жана кошумча төлөмдөрсүз.