Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. Күн мурун экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Войцех Зайончковский менен жолукту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда тараптар кыргыз-поляк кызматташтыгын өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды жандандыруу жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттарын талкуулашты.
Султан Ахматов акыркы төрт жылда Кыргызстандын ИДПсынын орточо өсүшү 10 пайыздан ашканын белгилеп, өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы тууралуу маалымат берди.
Өз кезегинде Войцех Зайончковский Кыргызстандагы экономикалык өсүштү жогору баалап, польшалык ири компаниялар Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.
Тараптар “жашыл” энергетика, айыл чарба, тоо-кен тармагы боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн жана Варшава - Бишкек - Варшава түз аба каттамын ачуу маселесин талкуулашты.
Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү жана өкмөттөр аралык комиссиянын ишин кайра жандандыруу боюнча макулдашууга жетишилди.