Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 7 млрд доллардан ашты

Экономика Загрузка... 23 Май 2026 12:00
1767668832_52937900.png
copyright icon WWW

Бишкек, 23.05.26. /Кабар/. Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен товар жүгүртүү 9 пайыздан ашык өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев КМШга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында айтты.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө шериктештиктин экономикалык багыты ийгиликтүү өнүгүп жатканын өзгөчө белгиледи.

"Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 2025-жылы 7 млрд доллардан ашып, 2024-жылга салыштырмалуу 9%дан ашык өскөн", - деди ал.

Соода-экономикалык байланыштарды мындан ары кеңейтүү үчүн минкаб төрагасы өз ара соода шарттарын жакшыртуу жана административдик чектөөлөрдү жоюу, тышкы соода операцияларын санариптик форматка өткөрүү жана ишенимдүү транзитти камсыздоо жана аймактарды бириктирген жаңы транспорттук концепцияны колдоо сыяктуу бир катар маанилүү сунуштарды ортого салды.

Ошондой эле ал соода хабына айлана турган Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушунун стратегиялык маанисин баса белгиледи.

Соңунда Касымалиев КМШ өлкөлөрүн ушул жылы Кыргызстанда өтө турган Ысык-Көл эл аралык 40-форумуна жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды. Жыйындын жыйынтыгында бир катар биргелешкен документтерге кол коюлду.