Быйыл Бишкектин негизделгенинин 148 жылдыгы белгиленүүдө. "Кабар" агенттиги борбор калаадагы өзгөрүүлөрдү мурунку жана азыркы сүрөттөр менен салыштырып, тарыхый жерлердин жыйнагын түздү.
А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки
Мамлекеттик цирк 1976-жылдан бери иштеп келет жана дээрлик 48 жылдан бери эч кандай оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. 2023-жылдын июль айында капиталдык оңдоо иштери башталып, имарат толук жаңылоодон кийин 2024-жылдын ноябрында кайра ачылган.
Бүгүнкү күндө цирк классикалык цирк искусствосун заманбап шоу форматтары менен айкалыштырган борбор калаанын аянчаларынын бири болуп саналат.


Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы
Филармониянын имараты 1980-жылы курулган. Ал эки залдан турат: 1108 орундуу чоң зал жана 314 орундуу кичи залы.
Бүгүнкү күндө филармония кыргыз төкмө акыны, обончу, комузчу, акын, көрүнүктүү композитор Токтогул Сатылгановдун атын алып жүрөт.
Учурда бул маданий жай борбор калаанын негизги концерттик аянтчаларынын бири катары мамлекеттик жана маданий иш-чараларды өткөрүлөт. Анын сахнасында улуттук жана эл аралык классикалык музыка жаңырып келет.


“Бакыт өргөсү”
"Бакыт өргөсү" (ЖААК) имараты 1987-жылы Совет көчөсүндө курулуп, борбор калаанын эң белгилүү архитектуралык объекттеринин бирине айланган. Ал тоонун формасына окшошуп кетет. Имаратты архитекторлор Л. Логунов жана А. Клишевич долбоорлогон.


“Ала-Тоо" кинотеатры
"Ала-Тоо" кинотеатры 1938-жылы Фрунзеде ачылып, Кыргызстандагы биринчи чоң кинотеатр болгон. Имарат Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан. Кинотеатр 600 орунга ылайыкталган. Кийинчерээк ал бир нече залдарга бөлүнгөн.
Алгачкы жылдарынан тартып кинотеатр маанилүү маданий борборго жана жергиликтүү тургундар, айрыкча жаштарды өзүнө тартып турган жерге айланган. Бүгүнкү күндө "Ала-Тоо" борбор калаанын маданий объекттеринин бири катары өзүнүн макамын сактап келет.


А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры
Опера жана балет театрынын имаратын долбоорлоо жана куруу Улуу Ата Мекендик согушка чейин башталган, бирок 1955-жылда гана бүткөрүлгөн. Театрга советтик кыргыз композитору, ырчы (тенор), педагог жана коомдук ишмер, СССРдин эл артисти Абдылас Малдыбаевдин аты ыйгарылган.
Театрдын имараты маанилүү архитектуралык жана маданий эстелик деп эсептелет жана өлкөнүн негизги маданий жайларынын бири жана улуттук опера менен балетти өнүктүрүү борбору болуп саналат. Ал жерде классикалык опералык спектаклдер, балеттик спектаклдер жана ата мекендик жана эл аралык алдыңкы аткаруучулардын катышуусундагы концерттер үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.


Ала-Тоо аянты
Ала-Тоо аянты - Кыргызстандын борборунун башкы аянты. Бүгүнкү күндө бул жерде Манастын эстелиги турат, мурда бул жерде В.И.Лениндин эстелиги турган. Бул шаардын эң таанымал жана маанилүү коомдук жайларынын бири, мында мамлекеттик жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Аянт өлкөнүн кыргызстандыктар жана туристтер сейилдей турган, жолугушууларды пландаган маанилүү жер болуп саналат.


Улуттук тарых музейи
Улуттук тарых музейи Ала-Тоо аянтында жайгашкан. Имарат башында В.И. Ленин атындагы Борбордук музейдин Фрунзе филиалы катары курулуп, 1984-жылы ачылган. Бүгүнкү күндө ал өлкөнүн эң ири музейлеринин бири болуп саналат. Анда Кыргызстандын байыркы мезгилден бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы чагылдырылган.


“Айчүрөк” соода борбору
“Айчүрөк” соода борбору – Бишкектеги эң ири соода борборлорунун бири. Бул имарат 1974-жылы 14-августта ачылган. Мында өлкөдө биринчилерден болуп эскалаторлор, жүргүнчү жана жүк ташуучу лифттер орнотулуп, 380ден ашык соода орундары түзүлгөн.
Акыркы жылдары “Айчүрөк” соода борборунун имараты кеңейтилип, жаңы жумуш орундары менен толукталууда. Бүгүнкү күндө ЦУМ шаардагы ири соода борборлорунун бири болуп саналат.


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
Окуу жайдын башка имараты 1938-жылы курулган, ал эми кошумча курулуш жана фасад 1951-жылы реконструкцияланган. Имараттын архитектурасы өзүнүн так композициялык түзүлүшү жана фасаддары менен айырмаланат.
Бүгүнкү күндө КУУ өлкөдөгү эң ири жана алдыңкы университеттердин бири болуп саналат.


Бишкек шаардык мэриясы
Мурдагы шаардык аткаруу комитетинин имараты 1957-жылы курулган. Азыр ал жерде Бишкек шаардык мэриясы жайгашкан. Ал борбор калаанын белгилүү архитектуралык курулуштарынын бири жана шаардын шаар курулушунун маанилүү элементи болуп саналат.


Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Агенттик 1937-жылы март айында Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешинин жана ТАСС маалымат агенттигинин биргелешкен чечими менен негизделген. Ал кезде Кыргыз ССРинин биринчи маалымат агенттиги – Кыргыз телеграф агенттиги (КирТАГ) катары белгилүү болгон.


Бүгүнкү күндө "Кабар" маалымат агенттиги Кыргызстандын мамлекеттик маалымат каражаты жана өлкөдөгү, Борбор Азиядагы окуялар боюнча расмий маалымат булагы болуп саналат. Агенттиктин жаңылыктары кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жарыяланып, кеңири эл аралык чагылдырууну камсыз кылат.