Жыргалаңда эки асма аркан жолдун техникалык ачылышы май айына пландалууда

Туризм Загрузка... 20 Апрель 2026 17:35
2824518.4a5745bbe1862a0a03982e9beb7f0e59.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. “Жыргалаң” тоо-лыжа курортунда курулуп жаткан эки асма аркан жолдун техникалык ачылышы 20-майга пландалууда. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААКтан “Кабар” агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Жыргалаң” курортун куруунун 1-фазасы боюнча, жалпысынан 6 асма аркан жол курулат.

Учурда В1 жана В2 асма аркан жолдорунун курулуш иштери аяктап калды.

Ага улай, бүгүнкү күндө асма аркан жолдордун иши сыноодон өткөрүлүүдө.

Асма аркан жолду дүйнө жүзүндө биринчи орунда турган австриялык Doppelmayr компаниясы куруп жатат. Келишимге ылайык, үстүбүздөгү жылдын май айында 4 чакырымдык асма аркан жолду бүтүрүп беришет. Февраль айында аталган компания менен дагы бир келишимге кол коюлган. Ага ылайык, 4 чакырымга созулган асма аркан жолду декабрь айына чейин бүткөрүшөт.