Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Бишкекте төрт автобус каттамы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ауэзов көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн тартып Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү реабилитациялоо иштерин жүргүзүү үчүн жабылгандыгына байланыштуу автобустар каттамдарын өзгөрттү.
№36, №105, №152 жана №162 автобус каттамдары убактылуу жаңы схемалар боюнча каттайт.
Мэрия шаар тургундарынан убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.