Аутизм: Адистер менен ата-энелер көйгөйлөрдү талкуулайт

Бишкектеги иш-чаралар Загрузка... 12 Февраль 2026 10:44
WhatsApp Image 2026-02-12 at 10.39.33.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.02.26 /Кабар/. 21-февралда Бишкек шаарында балдардын аутизм спектринин бузулуусуна (АСБ) арналган “XXI кылымдагы AСБ: жашоо көндүмдөрү, индивидуалдуулук жана баалуулуктар” аттуу эл аралык практикалык конференция өтөт.

Иш-чарада аутизмди эрте аныктоо, заманбап коррекция ыкмалары, үй-бүлөлөрдү колдоо жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Изилдөөлөргө ылайык, аутизм менен жабыркаган балдардын саны жылдан-жылга өсүп жаткандыктан, ал медицина жана билим берүү тармагындагы эң актуалдуу темалардын бири болууда.

Конференция практикалык багытта өтүп, AСБ-адистерге, супервизорлорго, мугалимдерге, дарыгерлер, логопеддер, дефектологдор, балдар борборлорунун жетекчилерине жана ата-энелерге пайдалуу болот.

Иш-чарага медицина, психология жана педагогика тармагындагы эл аралык жана улуттук деңгээлдеги адистер, ошондой эле өзгөчө балдар менен көп жылдык практикалык тажрыйбасы бар эксперттер катышат.

Программа докладдарды, панелдик талкууларды жана аутизмге байланыштуу актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоону камтыйт.

https://aba-con-2026.lovable.app/ сайтынан жана https://www.instagram.com/abacon_2026/ инстаграмм баракчасынан кененирээк маалыматтарды алууга болот.