Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 29-майда Бишкек шаарынын бардык 120 муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында акыркы коңгуроо майрамына арналган салтанаттуу линейкалар өткөрүлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чаралар мугалимдердин, окуучулардын, ата-энелердин жана коноктордун катышуусунда майрамдык маанайда өттү. Бүтүрүүчүлөргө мугалимдер, мектеп жетекчилери, ата-энелер тарабынан куттуктоо жана ак жол каалоо сөздөрү айтылды.
Белгилей кетсек, 2025–2026-окуу жылында борбор калаанын мектептеринде 259 миңден ашуун окуучу окуу жылын жыйынтыктоодо. Алардын ичинен 22 миң 61 окуучу 9-классты аяктаса, 11 миң 869 окуучу 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болушту.
Майрамдык иш-чаралардын алкагында мектептерде концерттик программалар, окуучулардын чыгармачылык номерлери жана бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземдери уюштурулду.