Бишкек, 13.04.26. /Кабар/. Бишкекте эки көчөнүн айрым тилкелери жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жылуулук тармактарын реконструкциялоодо.
Буга байланыштуу 15-апрелден тарта Шабдан баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы Курманжан датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.
Белгиленгендей, реконструкциялоо иштери этап-этабы менен аткарылып, жылытуу сезону башталганга чейин аяктайт.