Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы курулуш аянтчаларында көрктөндүрүү жана коопсуздук талаптарынын сакталышы боюнча рейд жүрүүдө.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар олуттуу мыйзам бузуулар аныкталып, курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Негизинен курулуш аянтчаларынын тиешелүү деңгээлде тосулбагандыгы, жөө жүргүнчүлөр үчүн коргоочу калкалоочу тосмолордун жана чатырчалардын жоктугу, сырткы жарыктандыруунун каралбагандыгы жана унаалардын дөңгөлөктөрүн жуучу атайын жайлардын уюштурулбагандыгы сыяктуу мыйзам бузуулар болгон.
Жыйынтыгында "Элемент Стиль" ЖЧКсына көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандыгы үчүн 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, кемчиликтер толук жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери токтотулду.
Мындан тышкары, 17 курулуш компаниясына эскертүү берилип, талаптар аткарылганга чейин жумуштары убактылуу токтотулду.