"Тажикстандын кооздугу: келечек үчүн мурас" көргөзмөсү ачылды

Маданият Загрузка... 19 Май 2026 12:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 19.05.26 /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандагы Тажикстандын маданият күндөрүнүн алкагында заманбап тажик сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен турган "Тажикстандын кооздугу: келечек үчүн мурас" аттуу көргөзмө ачылды.

Ачылыш аземинде маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев бул иш-чара жөн гана көркөм экспозиция эмес, эки бир тууган элдин маданий диалогунун, өз ара урматтоосунун жана руханий жакындашуусунун мейкиндиги экенин белгиледи.

Анын айтымында, көргөзмөгө классикалык живопись менен графикадан баштап, заманбап чыгармачыл изденүүлөр менен абстракттуу формаларга чейинки ар кандай көркөм багыттардын айкалышы өзгөчө баалуулук берет. Бул эмгектерде Тажикстандын залкар тоолору, күнүмдүк турмуштун көрүнүштөрү, улуттук мотивдер, ошондой эле сүрөтчүлөрдүн маданий мурастарды сактап калуу менен бирге заманбап көркөм тилде сүйлөөгө болгон умтулуусу чагылдырылган.

"2025-жылы Тажикстанда Кыргызстандын маданият күндөрү чоң ийгилик менен өткөнүн белгилей кетким келет. Иш-чаралардын алкагында искусство чеберлеринин масштабдуу концерттери, элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү жана чыгармачыл делегациялардын жолугушуулары уюштурулган. Маданий-гуманитардык алмашуу программасы эки өлкөнүн лидерлеринин жетекчилиги астында Тажикстандын шаарларында өтүп, көрүүчүлөргө кыргыз элинин салттуу искусствосу жана мурастары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берди", - деди министр.

Өз кезегинде Тажикстандын маданият министри Сатториён Матлубахон Амонзода бүгүнкү көргөзмө жөн гана көркөм чыгармалардын экспозициясы эмес, бул искусство, сулуулук жана руханий баалуулуктардын тили аркылуу эки бир тууган элдин чын жүрөктөн чыккан диалогу экенин айтты.

Ал искусство чек араны жана котормочуларды билбей турганын, ал жүрөк тилинде сүйлөп, адамдарды, маданияттарды жана муундарды бириктирерин баса белгиледи.

"Тажик-кыргыз мамилелери тарыхый жактан өз ара урматтоого, жакшы коңшулукка, руханий жакындыкка жана көп кылымдык маданий байланыштарга негизделген. Биздин элдерди жалпы тарых, каада-салт, туулган жерге болгон сүйүү жана ата-бабалардын бай мурасын сактоого болгон умтулуу бириктирип турат", - деди ал.