Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планында коомдук транспорттун үч жаңы системасын түзүү сунушталууда.
Темир жол. Шаар ичиндеги темир жол транспорту Кожомкул жана Новопокровка айылдары менен батыш – борбор – чыгыш багыты боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт.
Узундугу 28,1 чакырым болгон темир жол линиясынын тилкесин электрлештирүү, бир жолдуу тилкелерге экинчи жолду куруу, төрт темир жол станциясын реконструкциялоо (“Бишкек-1”, “Бишкек-2”, “Сокулук”, “Аламүдүн”), төрт жаңы темир жол аялдама пунктун куруу жана иштеп жаткан төрт темир жол аялдама пунктун реконструкциялоо (Ала-Тоо, Ленин атындагы завод, Сельсовет, Нооруз), темир жол депосун куруу болжолдонууда.
Трамвай. Жеңил рельстүү транспорт (трамвай) тышкы транспорт объекттерине (автобекеттерге, “Манас” эл аралык аэропортуна) туташтыруу менен түштүк – борбор жана түштүк-батыш-түштүк-чыгыш багыттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташууларды тейлейт. Узундугу 66,8 чакырым трамвай линияларын жана бир трамвай депосун куруу каралууда;
Метробус. Линиясынын жалпы узундугу 68,4 чакырым метробус тышкы транспорт объекттерине (автобекеттерге, “Манас” эл аралык аэропортуна) туташтыруу менен түндүк – түштүк жана түндүк – борбор багыттары боюнча жүргүнчүлөрдү ташууларды тейлейт.