Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Бүгүн, 20-январь күнү Бишкектин Балбан-Таймаш конушунда техникалык тейлөө борборунан (СТО) өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 07:01ден тарта жалпы 6 күжүрмөн эсеп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ дрону менен жана штаб тартылып, тилсиз жоо саат 08:00дө чектөөгө алынды.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө.