Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Бишкектеги Jasmir Brand тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, 2024-жылы ачылган бул фабрика бүгүнкү күндө "Кыргызстанда жасалган" бренди алдындагы продукцияларын Россияга жана ири онлайн платформаларга экспорттоп жаткан ийгиликтүү ишканалардын бири.
Мында кызматкерлер акысыз жатакана жана түшкү тамак менен камсыз болушат. Өндүрүштө иштин натыйжалуулугун арттырган конвейердик система колдонулат. Ошондой эле алыскы аймактардан келгендер үчүн жол кире чыгымдарын жабуу мүмкүнчүлүктөрү каралган.
Ишканада дуалдык окутуу системасы жолго коюлган. Учурда Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин 100дөн ашуун студенти теориялык билимин реалдуу өндүрүштө практика менен айкалыштырып, акысыз билим алышууда.
Фабриканын жетекчиси Жасур Парпиев белгилегендей, ишкананын кубаттуулугун арттыруу максатында учурда төрт цехке 300дөн ашуун тигүүчү талап кылынууда.
Министрдин орун басары Камчыбек Досматов жергиликтүү калкты, өзгөчө жаштарды жумуш менен камсыз кылган мындай ишканаларды колдоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.