Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жарандар жана бизнес-коомчулук менен иштөөнүн жаңы, ачык-айкын механизмдерин ишке киргизди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Мындай аракет президенттин мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу жана коррупцияга каршы аракеттенүү тууралуу жарлыгынын алкагында жүргүзүлүүдө.
Анын алкагында ишкерлер жана жарандар үчүн төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр түзүлдү:
- Жарандардын кайрылуулары үчүн 30 03 67 номериндеги "ишеним телефону" жана атайын коомдук кабылдама туруктуу иштейт.
- QR-код аркылуу иштеген "Сын-пикирлер" автоматташтырылган тутуму киргизилди. Бул система аркылуу ар бир жаран агенттиктин ишине баа берип, өз сунушун калтыра алат.
- Жетекчилик тарабынан жарандарды жеке кабыл алуу графиги бекитилип, аймактардагы инвестициялык демилгелерди талкуулоо үчүн туруктуу көчмө жыйындар уюштурулуп турат.
Ошондой эле агенттикте аткаруу тартибин чыңдоо максатында документтердин мөөнөтүн кечиктирген же кайрылууларга кайдыгер мамиле кылган кызматкерлерге карата катуу тартиптик чаралар көрүлө баштады.
"Биздин максат – бюрократияны жоюу жана ар бир инвестордун суроосуна ыкчам жооп берүү. Электрондук кайрылуулар жана санариптик байланыш каражаттары ишкерлер менен мамлекеттин ортосундагы ишенимди бекемдейт", – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул иш-чаралар инвестициялык чөйрөнү жакшыртууга жана ишкерлердин актуалдуу маселелерин ыкчам чечүүгө багытталган.