Бишкек, 13.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында Бишкек шаарындагы №23 мектептин жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.
Анда белгилүү болгондой, аталган мектеп сентябрь айында жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет. Имарат үч кабаттан жана жер төлөдөн турат. Жалпы аянты 5 199,19 чарчы метрди түзүп, 560 окуучуга ылайыкталган.
Белгилей кетсек, "Ачык кабинет" долбоору мамлекеттик органдардын ишин болгонун болгондой, жасалмалуулугу жок, таңдан баштап кечке чейинки иш күнүн ачык көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Бүгүн Адылбек Касымалиев Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдөгү бир нече объектилерди кыдырды.