Кыргызстан Беларусь тарапты Тоо саммитине катышууга чакырды

Коом Загрузка... 22 Июль 2026 14:15
WhatsApp Image 2026-07-22 at 14.10.06.jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Беларусь тарапты 2027-жылы өтө турган экинчи Тоо саммитинин ишине катышууга чакырды. Бул тууралуу Беларусь тышкы иштер министри Максим Рыженковдун Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагындагы эки тараптуу сүйлөшүү учурунда айтылды.

Эки тараптуу жолугушууда тараптар эл аралык жана аймактык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл буруп, БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ жана башка интеграциялык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо боюнча пикир алмашты.

Сапардын биринчи күнүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү болуп, анда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды. Ошондой эле буга чейинки жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулардын аткарылышын карап чыгып, кыргыз-беларусь мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Белгилей кетсек, Беларусь тышкы иштер министри Максим Рыженков Жээнбек Кулубаевди Беларуска расмий сапары менен келип кетүүгө чакырды.