Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн суткада электр энергиясын керектөө 48,4 млн кВт/саатты түзүп, мурунку күндөргө салыштырмалуу төмөндөдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, 22-июлга карата өлкөнүн энергетика тутуму штаттык режимде иштеп, электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган жок.
Ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында энергетикалык объектилерде пландуу оңдоо иштери уланууда. Оңдоо иштеринин графиги "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын расмий сайты жана "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү.
Энергетика министрлиги жарандарды, өзгөчө электр энергиясы көп колдонулган сааттарда, аны сарамжалдуу пайдаланууга чакырып, бул энергосистеманын туруктуу жана ишенимдүү иштешине өбөлгө түзөрүн белгиледи.