Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2025-2030-жылдарга карата Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик кызматка кабыл алууда ачык-айкындуулукту арттырууга багытталган жаңы механизмдер киргизилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Бактыгүл Үсөналиева билдирди.
Анын айтымында, мекеме стратегиянын 57 пунктун аткаруучу жана тең аткаруучу болуп саналат, анын ичинен 13 пункт боюнча негизги жооптуу орган катары чыгат.

"Документтерди кагаз түрүндө кабыл алуу толугу менен токтотулду. Эми кабыл алуу электрондук форматта гана жүрүп, адамдык факторду четтетет жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтат. Мыйзамга ылайык, соттолгондугу бар жактар (анын жоюлганына карабастан), ошондой эле мурда коррупциялык кылмыштар боюнча иши актабаган негиздер менен токтотулган жарандар мамлекеттик кызматка алынбайт", - деди ал.
Үсөналиева бул норма аскер жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине да жайылтыларын кошумчалады. Мындан сырткары, аскердик кызматка талапкерлер жакын туугандарынын соттолгондугу тууралуу маалымат бериши керек (жарандык мамлекеттик кызматка мындай талап коюлбайт).
"Буга чейин бул декларацияны текшерүү мурда иштебеген этика комиссияларына жүктөлсө, эми мыйзамга ылайык бул функция мамлекеттик органдардын кадрлар бөлүмүнө өткөрүлдү", - деди ал.
Соңунда Бактыгүл Үсөналиева 2026-жылга карата мамлекеттик кызматчылардын жүрүм-турум стандарты бекитилгенин, ал эми мамлекеттик органдардын отчёттуулук стандарты иштелип чыгып, макулдашуудан өтүп жатканын кошумчалады.
Ошондой эле ал белгилегендей, Башкы прокуратура бекиткен тизмеге ылайык, ар бир мамлекеттик орган коррупциялык тобокелчилиги жогору болгон кызмат орундарынын өздүк тизмесин түзүп бекитиши зарыл.