Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы Бишкек мэриясы 120 чакырым жолду пайдаланууга берүүнү пландалууда. Бул тууралуу "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиадолбоорунун алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, учурда шаардагы 67 көчөдө оңдоо иштери жүрүп жатат.
"Жай мезгилинде 120 чакырым жолго асфальт басууга болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Муну менен бирге, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата айрым тилкелердеги оңдоо иштерин июль айынын аягына чейин толугу менен аяктоо зарыл", - деди Жунушалиев.
Мындан сырткары, калаа башчысы Аламүдүн-1 кичи районундагы көпүрө август айына чейин пайдаланууга берилерин кошумчалады.