Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Кечээ, 1-марттан тарта Бишкектен Кувейтке аба каттамдары токтотулду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аба каттамдары Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаалга байланыштуу коопсуздук үчүн токтотулган.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектен Дубай, Шаржа жана Жиддага дагы аба каттамдары белгисиз мөөнөткө токтотулган.