Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Бишкектин айрым аймактарында 15-июлдан 17-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, газдын өчүрүлүшү жер астындагы газ түтүктөрүн кайра туташтыруу иштерин жүргүзүү үчүн өчүрүлөт.
"Буга байланыштуу көгүлтүр от Чоң Чүй каналы (БЧК), Фучик, Дорожная, Юбилейная көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Пригородная көчөсү, Жаш Гвардия бульвары, Саадаев, Школьная, Садовый, Коллекторная, Новая, Кыргыз, Совет кыска көчөсүлөрү менен чектешкен аймактарда болбойт", - деп айтылат маалыматта.
Ишкана абоненттерди газ өчүрүлгөн маалда энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууга чакырат.