Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. 2-апрелде Бишкектин айрым бөлүктөрүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы:
- Ала-Арча суусу - темир жол линиясы – Жибек-Жолу проспекти – Ж.Гвардия бульвары;
-Ж.Гвардия бульвары – темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас проспекти;
-Дэн Сяопин проспекти – Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев көчөсү – Кулиев көчөсү – Москва көчөсү – Пишпек көчөсү – Фучик көчөсү – Казаков көчөсү.
Суу “Запад-2” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчөт.
"Бишкексууканал" ишканасы ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.