Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. “Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы көчөлөрдү жууп-тазалоодо. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иштер түнкү саат 12де башталат. Ага 46 суу чачуучу атайын техника тартылып, алар таңкы саат 6га чейин иштешет.
Тазалоо иштери негизги магистралдык жолдорду да, кошумча көчөлөрдү да камтыйт.