Бишкектин жолдорунда түнкү текшерүү жүрдү: Курулушчуларга эскертүү берилди

Коом Загрузка... 15 Июль 2026 16:10
536242782_3523022397840934_431694377738581305_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Туристтик мезгил учурунда Бишкек шаарынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан атайын текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

Мекеменин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө реконструкцияланып жаткан жол тилкелеринин түнкү убакта атайын жарык берүүчү каражаттар жана эскертүүчү жол белгилери менен талаптагыдай камсыздалышына өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөттө жоюу боюнча курулуш иштерин жүргүзүп жаткан подряддык уюмдарга тиешелүү тапшырмалар жана эскертүүлөр берилди.

Бул иш-чаралар жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарттарды түзүү, ошондой эле борбор калаага келген туристтердин коопсуз жүрүүсүн камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.