Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Тажикстандагы этникалык кыргыз Айдай Коңурбек кызы Душанбедеги Туризм жана ишкерлик эл аралык университетинде 2-курста окуйт. Мугалим болууну кыялданган Айдай борбор шаардан 1000 чакырым аралыкта жайгашкан Мургаб жергесинен келген.
Ал окуу жайда этникалык кыргыздарга абдан жакшы мамиле жасашарын айтат.
"Өздөрүнүн элине кылбаган мамилени бизге кылышат. Окууда дагы көтөрмөлөп, жардамдашып турушат", — деди Айдай.
Анын айтымында, учурда аталган окуу жайда 20 миңге жакын студент билим алат. Алардын арасында беш этникалык кыргыз кыз бар.
Айдай кесипке ээ болгондон кийин Кыргызстанга келип, балдарга билим берүүнү кыялданат.