Блокчейн тармагы миңдеген иш орундарын түзө алат. Талап кылынган кесиптер

Экономика Загрузка... 21 Апрель 2026 10:35
5.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.04.26 /Кабар/. Кыргызстанда блокчейн-индустриясынын өнүгүшү жаңы кесиптерге болгон суроо-талапты калыптандырып, жаштарды иш менен камсыз кылуунун кыймылдаткыч күчүнө айланат. Бул тууралуу экономист-эксперт Кубан Чороев "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө рынок бир нече багыт боюнча адистерди талап кылууда. Техникалык чөйрөдө – бул смарт-контракттарды иштеп чыгуучулар (Solidity, Rust), блокчейн-инженерлер, смарт-контракттардын коопсуздугу жана аудит боюнча адистер, on-chain маалымат аналитиктери. Финансылык-укуктук чөйрөдө – AML/KYC-офицерлер, комплаенс адистери, виртуалдык активдер боюнча юристтер жана RWA токенизациялоо боюнча адистер.

Мындан тышкары, технология менен башкаруунун кесилишиндеги жаңы кесиптерге – токеномисттерге, Web3-продуктуларынын продакт-менеджерлерине жана крипто-сервистер үчүн UX-дизайнерлерге суроо-талап калыптанууда. Ошону менен бирге массалык кесиптердин рыногу да кеңейүүдө: трейдерлер, крипто-алмашуу түйүндөрүнүн операторлору, колдоо кызматынын адистери жана маркетологдор.

Эксперт белгилегендей, окутуучулардын жана методисттердин жетишсиздиги өзүнчө көйгөй бойдон калууда. Жакынкы 3-5 жылда кадрларды даярдоого болгон муктаждык олуттуу түрдө өсүшү мүмкүн.

Чороев блокчейн-индустриясы глобалдык жана аралыктан иштөө мүнөзүнө ээ болгондуктан, жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи. Бул аймактардагы адистерге чет өлкөгө чыкпастан эле эл аралык долбоорлордо иштөөгө жана киреше табууга мүмкүндүк берет.

Ошону менен бирге, эксперт бул потенциалды ишке ашыруу үчүн жогорку окуу жайлардын билим берүү программаларын адаптациялоо, кыска мөөнөттүү курстарды өнүктүрүү жана практикалык тажрыйба алуу үчүн жергиликтүү долбоорлорду түзүү зарылдыгын белгиледи. Болбосо, кадрлардын чет өлкөгө агылып кетүү коркунучу бар.

Экономисттин пикири боюнча, туура мамиле жасалган учурда блокчейн Кыргызстан үчүн экономиканын жаңы өсүү чекити болуп, он миңдеген жумуш орундарын түзө алат.