Brent мунайынын баасы 15,3%га төмөндөдү

Дүйнө Загрузка... 09 Апрель 2026 10:32
WhatsApp Image 2026-04-09 at 08.41.49.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Brent мунайынын баасы 15,35%га төмөндөп, бир баррелине 93,92 долларды түздү. Бул тууралуу Интерфакс жазды.

Маалыматка караганда, Иран менен АКШнын ортосундагы убактылуу ок атышууну токтотуу тууралуу кабардан кийин мунайдын баасы төмөндөөнү улантууда, баалар дээрлик алты жылдагы рекорддук темп менен төмөндөдү.

Лондондун ICE Futures биржасында Brent 15,35 долларга (14,05%) төмөндөп, бир баррелине 93,92 долларды түздү.

NYMEX биржасында WTI 18,29 долларга (16,19%) төмөндөп, бир баррелине 94,66 доллар болду.