Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы турукташууда

Дүйнө Загрузка... 03 Апрель 2026 08:55
a2d7cdbb-018c-4ccb-82fc-8e2e9e3a1114.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Иран менен Оман Ормуз кысыгы аркылуу кеме менен жүк ташууларды көзөмөлдөө протоколун иштеп чыгып жатканы тууралуу маалыматтардан кийин мунайдын баасы бир аз төмөндөдү. Бул тууралуу IRNA агенттигине шилтеме берүү менен Интерфакс билдирди.

Маалыматка ылайык, Лондондун ICE Futures биржасында Brent маркасындагы мунай фьючерстеринин баасы баррелине 5,02 долларга (4,96%) көтөрүлүп, 106,18 долларды түздү.

Ал эми NYMEX биржасында WTI мунайынын баасы 8,55 долларга (8,54%) жогорулап, 108,67 долларды түздү.

Белгилей кетсек, буга чейин Brent мунайынын баасы баррелине 109,74 долларга, ал эми WTI бир баррелине 113,97 долларга чейин көтөрүлгөн эле.