Brent мунайынын баасы баррелине 115,12 долларга чейин көтөрүлдү

Дүйнө Загрузка... 31 Март 2026 08:50
3e504bac-ee50-473a-9b02-6244ee7079d5.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Brent мунайынын баасы баррелине 115,12 доллар деңгээлинде сакталууда. Бул тууралуу Интерфакс кабарлайт.

Маалыматка караганда, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал рыноктун көңүл чордонунда тургандыктан, дүйшөмбү күнү мунайдын баасы туруктуу түрдө жогорулоосун улантты.

ICE Futures (Лондон) биржасында май айындагы Brent мунайы 2,55 долларга (2,27% га) кымбаттап, баррелине 115,12 долларды түздү. Ал эми NYMEX биржасында WTI мунайы 1,76 долларга (1,77% га) жогорулап, баррелине 101,4 долларды түздү.

Жума күнү Brent маркасындагы мунай 4,22% га, ал эми WTI 5,4% га көтөрүлгөн. Учурда соодагерлер жана инвесторлор Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп жатышат.

Societe Generale компаниясы апрель айында Brent мунайынын орточо баасы бир баррелине 125 доллардын тегерегинде болорун, ал эми энергетикалык инфраструктурага болгон тобокелдиктердин күчөшүнөн улам, бир баррелине 150 долларга чейин жетүү ыктымалдыгы жогору экенин божомолдойт.