Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Дүйнөлүк базарда мунайдын баасы 1,24%га өстү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Brent маркасындагы мунайдын баасы бир баррелине 110,62 долларды түздү. Ал эми WTI мунайынын баасы 102,49 доллар болду.
Февраль айынын аягынан тарта Жакынкы Чыгыштагы кырдаал араб өлкөлөрүнөн мунай жеткирүүнү солгундатты.
Бул өз кезегинде мунай рыногундагы баалардын өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.