“Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деп Манас эпосунда айтылгандай, кыргыз эли эзелтеден бүркүт таптап, куш салууну өзгөчө өнөр катары колдонуп келген. Бүгүнкү күндө бул салттуу өнөр бүркүт, ителги жана куш салуу багыттарында улуттук спорт катары өз өнүгүү жолун улантып, өлкө ичинде гана эмес, эл аралык деңгээлдеги мелдештерде да кеңири таанылып келет.
Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары программасына киргизилип, дүйнөгө кыргыздын байыркы маданий мурасы катары көрсөтүлүп келет. Бүгүн “Кабар” агенттиги салбуурун оюндарынын ичинен өзгөчө орунду ээлеген бүркүт салуу өнөрүнө токтолот.

Салбуурун федерациясынын вице-президенти, ага машыктыруучу Нурлан Молдакуновдун айтымында, кушчулук же мүнүшкөрлүк өнөрү – байыркы аңчылык маданияты болуп саналат. Ал курал-жарак кеңири колдонулганга чейин эле калыптанып, элдин жан багуусуна жана турмуш-тиричилигине кызмат кылган. Кыргыздар алгыр куштарды таптап, кыргоол, кекилик, коён сыяктуу майда жандыктардан тартып, элик, түлкү жана малга кол салган карышкырга чейин аңчылык кылышкан.
“Бүркүтчүлөр аңды жер шартына жараша салган. Маселен, бадалдуу же чычырканактуу аймактарда айрым жаныбарларды алуу татаал болгондуктан, кушту бийиктен төмөн карай таштоо ыкмасы колдонулган. Ал эми түлкү терисинен ичик, тебетей жана башка кийимдер тигилип, күнүмдүк турмушта пайдаланылган. Ителги сыяктуу куштар болсо тоодак, улар, өрдөк-каздарды алып, элдин жашоосуна көмөк көрсөткөн”,-деди ал.
Анын айтымында, мүнүшкөрчүлүктүн мындай бай тажрыйбасы бүгүнкү күндө да сакталып, бүркүт салуу боюнча мелдештерде колдонулуп келет.
Молдакунов белгилегендей, бүркүт салуу мелдеши негизинен эки көнүгүү аркылуу өткөрүлөт. Биринчиси – “үндөк” же колго чакыруу. Анда бүркүт 200 метр аралыкка учурулуп, бүркүтчү аны колуна чакырат. Куштун туурдан учуп чыгып, ээсинин колуна конгонго чейинки убактысы секунд менен өлчөнөт.

Экинчи көнүгүү “чырга” деп аталат. Бул учурда жасалма олжо ат же атайын унаа менен сүйрөлөт. 150 метр аралыктагы эки желектин ортосунда бүркүттүн учуу ылдамдыгы жана олжого болгон реакциясы бааланат. Жеңүүчү - эң аз убакытты көрсөткөн куш жана анын ээси болуп эсептелет. Финалдык беттештерде да жеңүүчү секундалык айырма менен аныкталат.
Федерация өкүлүнүн айтымында, бул өнөр дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да бар болгону менен түпкү башатында кыргыз эли турат. Кыргыз мүнүшкөрлөрү эл аралык мелдештерге туруктуу катышып, байгелүү орундарды, алтындарды багындырып келишет.
“Баары бир биздин куштар алдыга ат салдырбайт. Негизи эле бул өнөр Кыргызстанда абдан жакшы өнүккөн. Мисалы, араб өлкөлөрүндө көбүнчө ителгиге басым жасалат, ал эми Кыргызстанда негизги көңүл бүркүтчүлүккө бурулган. Биздин өлкө бул багытта Азия чемпионаттарында жана Борбор Азиядагы мелдештерде туруктуу түрдө алдыңкы орундарды ээлеп келет. Ошондой эле Монголияда өткөрүлгөн бүркүт фестивалдарына да катышып жүрөбүз. Негизи Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Монголия биргеликте түзгөн эл аралык ассоциация бар”, - деди ал.

Ошондой эле ал белгилегендей, бүгүнкү күндө салбуурун оюндарына куш салуудан тышкары кыргыз тайганынын жарышы, салттуу жаа атуу, жөө жана ат үстүндө жаа атуу сыяктуу мелдештер да кирет.
Молдакунов кошумчалагандай, өлкө ичинде төрт ирет мелдеш өткөрүлүп, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган курамалар тандалып алынды. Ага жогоруда аталган үч оюн боюнча үчтөн мүнүшкөр куштары менен катышат.
Мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, быйылкы курамага кабыл алынган куштардын арасында Салбуурун өкүлдөрүнүн бири — Ысык-Көл облусуна караштуу Чоң-Өрүктү айылынын тургуну, мүнүшкөр Түгөлбай Абдыкадыровдун Канжыга бүркүтү да бар.
Ээсинин айтымында, Канжыга — 6 жаштагы эркек бүркүт. Толук аты — Канжыгалуу кара сеңсел. Ал буга чейин да Көчмөндөр оюндарына катышып келген жана учурда да биринчиликти багындырууга даярдалып жатат.

Мүнүшкөрдүн учурда эки бүркүтү бар. Алардын бири аңчылыкка колдонулса, экинчиси мелдештерге катышат. Аңчылыктагы кушунун аты — Керчагыр.
“Бул өнөр менен 30 жылдан бери алектенип келем. Мүнүшкөрлүк чоң аталарымда да болгон. Мектепте окуп жүргөндөн баштап эле кызыгып, китептерден окуп, айылдагы тажрыйбалуу абышкалардан үйрөнүп келдим”, - дейт ал.

“Куштар негизинен уядан алынып жана тор менен да кармалат. Сентябрдын аягында, жер которуу мезгилинде тор жайып кармайбыз. Менин куштарым экөө тең тор менен алынган. Уядан алынганга караганда, тор менен кармалган бүркүттүн табы оорураак болот, ошондуктан аны таптоого да көп убакыт талап кылынат”, - деп белгиледи ал.