Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Быйыл Баткенде 6 ишкана жана 23 социалдык объект ачылат. Бул тууралуу облус жетекчиси Мамыржан Рахимов билдирди.
Анын айтымында, объекттердин курулушу бүтсө, пайдаланууга берилет.
“Дагы кошумча, мектеп, бала бакчалар бар. Алар кийинки жылга пландалган. Курулуш иштери быйыл бүтүп калса, сандар өзгөрүшү мүмкүн”, - деди облус башчысы.