Бишкек,17.03.25./Кабар/. Быйыл Бишкекте 336 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Ошондой эле Бишкек электр тармактар ишканасы 2025-жылы 21 трансформаторду алмаштырып, кошумча 4 даана трансформатор орнотууну пландоодо. Анын ичинен:
- Чыгыш РЭТи -7 даана трансформатор жана 1 кошумча трансформатор;
- Батыш РЭТи – 8 даана трансформатор жана 2 кошумча трансформатор;
- Түндүк РЭТи - 6 даана трансформатор жана 1 кошумча трансформатор.
- Ошондой эле энергетиктер 1917 даана трансформатордук көмөк чордондорунда оӊдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөт, анын ичинен:
- Чыгыш РЭТи – 635 даана трансформатор;
- Батыш РЭТи – 794 даана трансформатор;
- Түндүк РЭТи – 488 даана трансформатор.
Бул иштер керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу жана электр энергиянын үзгүлтүккө учурашына жол бербөө максатында жүргүзүлүүдө.
Эске сала кетсек, энергетиктер жыл сайын 1-марттан 1-ноябрга чейин келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө даярданышат.
Бишкек электр тармактар ишканасы 282 миң 90 абонентти тейлейт, анын ичинен 261 466 турак жай жана 20 624 турак жай эмес абоненттер.
2024-жылы энергетиктер тарабынан 314 трансформатордук көмөкчордондо капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, 1583 трансформатордун техникалык тейлөөсү жүргүзүлдү.