Быйыл Петровка – Нарзан булагы жолунун 7 чакырымы асфальтталат

Аймак Загрузка... 24 Апрель 2026 10:05
copyright icon "Кыргызавтожол" МИ

Бишкек, 24.04.26 /Кабар/. Чүй облусунун Москва районундагы Петровка – Нарзан булагы унаа жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 52 чакырымды түзүп, анын 27 чакырымы мурда асфальтталган.

2026-жылга карата Титулдук тизмеге киргизилип, кошумча 7 чакырым жолду асфальттоо пландалган. Бүгүнкү күндө анын 2 чакырымы толук аяктады.