Быйыл Россияга 94 млн турист келет деп күтүлүүдө

Дүйнө Загрузка... 03 Апрель 2026 09:00
28792e78-8bfb-4039-92a2-98d0f1a7e058.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. 2026-жылы Россияга 94 млн турист келет деп күтүлүүдө. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Россиянын ичинде саякаттаган туристтердин саны 90 миллиондон ашкан. Ал эми 2026-жылы бул көрсөткүч 94 миллионго чейин көбөйөт деп пландалууда.

Экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вахруков: "2025-жылы биз 90 миллиондук саякаттоо чегинен аштык. Алдыдагы жылы өлкө ичинде болжол менен 94 миллион адам — россиялыктар жана чет элдиктер саякаттайт деп күтөбүз. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 4%дан ашык өсүштү билдирет", — деди ал.

Ошондой эле ал Россиянын ичиндеги туристтик агым өсө берерин, бирок аба каттамдарына коюлган чектөөлөрдөн улам өсүү темпи жайыраак болушу мүмкүн экенин белгиледи.