Быйыл Ысык-Көлгө 2,7 миллиондон ашык балык чабактары коё берилди

Аймак Загрузка... 06 Апрель 2026 11:30
ysyk_kol_13.jpg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Быйыл Ысык-Көлгө 2 млн 700 миңден ашык балык чабактары коё берилди. Бул тууралуу Балык өнөр жайы комплекси департаментинин директорунун орун басары Нурзамат Акпаралы уулу "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, мында форель жана сига-лудога балык чабактары коё берилген.

"Учурда балыктандыруу иш-чаралары жүрүп жатат. Ысык-Көлдөн тышкары, Соң-Көлгө 4 миллиондон ашык балык чабактары коё берилди. Ошондой эле 2 миллионго жакын чабактар Орто-Токой суу сактагычына коё берилген. Жыл сайын кыш мезгилинде Ысык-Көл форели, сига-лудога балык чабактарын коё берсек, жаз, жай убактарында карп жана сазан балыктарынын чабактарын коё беребиз", - деди ал.

Белгилей кетсек, 2025-жылы көлдөргө жалпы 29 миллиондон ашык балык чабактары коё берилсе, быйыл бул көрсөткүчтү 30 миллиондон ашыруу планы коюлган.