Бишкек, 07.04.26. /Кабар/. Былтыр балдар тарабынан жасалган кылмыштар боюнча 1339 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Башкы прокуратуранын 2025-жылга карата ишмердүүлүгү боюнча угуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, 1455 бала 1814 кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган.
"Статистика көрсөткөндөй, бир эле бала бир нече кылмышка, кээ бир учурларда 10дон ашык жолу катышкан. Тергөөнүн жыйынтыгында 492 иш токтотулуп, 474 иш сотко жөнөтүлгөн. 242 иш боюнча сот 368 баланы күнөөлүү деп таап, анын ичинен 128 иш боюнча 214 балага пробация колдонулган", - деп белгиледи башкы прокурор.