Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү "Ак-Марал" эс алуу борборунда жаңы корпустун курулушуна мезгил капсуласы салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Иш-чарага Бажы кызматынын жана "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ААКтын жетекчилиги катышты.
Долбоорго ылайык, жалпы аянты 3900 чарчы метрден ашкан жаңы беш кабаттуу корпус курулат. Ал эс алуу жана ден соолукту чыңдоо үчүн эң заманбап инфраструктура, анын ичинде термалдык бассейндер менен жабдылмакчы.
Белгилей кетсек, бул ири долбоор республикалык бюджеттен каражат коротпостон, "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ААКтын бажы кызматтарын көрсөтүүдөн тапкан өз кирешесинин эсебинен каржыланууда.