Чеченстанда суу ташкыны: 1100дөн ашык адам эвакуацияланды

Дүйнө Загрузка... 30 Март 2026 10:45
WhatsApp Image 2026-03-30 at 10.48.44.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.03.26. /Кабар/. Чеченстанда суу каптаган аймактардан 1100дөн ашык адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына таянып, ТАСС жазды.

Ага ылайык, куткаруучулар Чеченстандагы болжол менен 600 үйдү суу ташкынынан кийин тазалап, жардам көрсөтүү иштерин улантууда.

"Чеченстанда 557 үй суу ташкынынан тазаланды. 1260 үй жана короо-жай суу астында калууда. Гудермес районунун Кундухово жана Брагуни айылдарынан 1109 адам эвакуацияланды. Жабыркагандар жок", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ишемби күнү Чеченстандын айрым жерлеринде катуу жааган жаан жана шамал электр энергиясын үзгүлтүккө учураткан. Табигый кырсык 18 калктуу конушта 1800дөн ашык үйдү жана короо-жайды каптап, 28 жолду жууп кеткен. Ошондой эле 17 көпүрө, беш газ түтүгү, алты трансформатор жана бир дамба бузулган.

Учурда республикада аймактык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.