Чет өлкөгө ишке орноштурам деп жарандардан акча алган шылуундар көбөйдү – адис

Коом Загрузка... 26 Март 2026 15:35
a3baabfada18c6f308c.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.03.26. /Кабар/. Чет өлкөгө ишке орноштурам деп жарандардан акча алган шылуундар көбөйгөнүн Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун Эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, эгер жаран онлайн платформалардагы ишке орноштуруу компаниялары менен байланышса, алгач ошол агенттикти www.migrant.kg расмий сайты аркылуу текшерүүсү зарыл.

“Бардык мыйзамдуу, лицензия алган агенттиктер жана алар тууралуу маалыматтар расмий сайтта жайгаштырылган. Азыр социалдык тармактардан агенттик таап, айткандарына ишенүү менен аларга акча которгондордун саны көбөйдү. Онлайн шылуундарга туш болбоо үчүн жарандарга сунушум: эгер жарнамада 6-7 миң долларлык өтө жогору айлыктар көрсөтүлсө, дароо алардан баш тартыңыздар. Шылуундар чет өлкөлөрдө отуруп алып, жасалма интеллекттин жардамы менен келишимдерди, лицензияларды жасап коюшууда. Алдамчыларга кабылсаңыздар, Ички иштер министрлигине кайрылыңыздар. Алар тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү менен сиздерге көмөк көрсөтөт”, — деди Эсенбек Эргешов.

Ал кошумчалагандай, 2025-жылы 170 миңге жакын кыргызстандык чет өлкөгө иштегени кеткен. Алардын ичинен ишке орноштуруу борборунун жана жеке агенттиктердин жардамы менен 25 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болгон. Атап айтканда, 5 миң 500 жаран борбор аркылуу, ал эми 19 миң 500 жаран жеке агенттиктер аркылуу кетишкен.

“Бул жалпы миграциялык агымдын 15 пайызын гана түзөт. Калган 85 пайызы өз алдынча же жеке байланыштары аркылуу кетип жатышат. Тилекке каршы, мындай жарандар көп учурда оор турмуштук кырдаалдарга кабылып, эмгек эксплуатациясынын же адам сатуунун курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Ал эми биз аркылуу кеткендерди мекенине кайтып келгенге чейин көзөмөлдөп турабыз”, — деп кошумчалады ал.